Ысык-Көл: Мыйзамсыз курулуп жаткан объект аныкталып, чара көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ысык-Көл региондук башкармалыгынын инспекторлору Чолпон-Ата шаарындагы курорттук-рекреациялык аймагында курулуш объектилерин текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө курорттук-рекреациялык аймагында курулуп жаткан 2 кабаттуу конок үйлөр мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Дагас Сити” ЖЧКсына карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды жана курулуш иштери токтотулду. Ошондой эле аныкталган кемчиликтреди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
