Турдубекова: Жумуш берүүчү жалгыз бой энени иштен кетирерде “ал балдарын кантип багат?” деп ойлонушу керек
17 март

Турдубекова: Жумуш берүүчү жалгыз бой энени иштен кетирерде “ал балдарын кантип багат?” деп ойлонушу керек

Кыргызстанда жакында “Эне үйү” чоң ресурстук борбору ачылды. Анын ачылышына жеке ишкерлер көмөк көрсөткөн. Мында турмуштун ар кандай оор кырдаалына кабылган энелерге колдоо көрсөтүлөт. Башкы максат – ымыркайды энеден ажыратпоо, башкача айтканда, баланын балдар үйүнө кабылуусуна жол бербөө. 

Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Айтымында, бала менен эненин укугун бөлүп кароо мүмкүн эмес. Зомбулукка дуушар болуп алсыраган эне баласына тийиштүү деңгээлде камкордук көрө албай калат, бул баланын да алсыроосуна алып келет.

“Чоңдорго караганда балдардын физикалык мүмкүнчүлүгү, психологиялык абалы дагы алсыз. Алар тез сынышат. Ошондуктан балдардын укугуна көбүрөөк көңүл буруу керек. Ошол эле учурда энени да бирге ала кетүү зарыл. Мисалы, жалгыз бой энени жумуштан кетирүүдө жумуш берүүчүдө биринчи кезекте, мунун мынча баласы бар, күйөөсү жок, балдарын кантип багат деген ой пайда болушу кажет. Ошондуктан жалгыз бой аялзатына аяр мамиле кылуу зарыл”, – деди Турдубекова.

Ал белгилегендей, 2025-жылы балдар укугун коргоочу 550 социалдык кызматкер киргизилген.  Бирок алардын айлык акысы аз. Мисалы, айыл жергесинде социалдык кызматкер 13 миң сом айлык алат. Турдубекованын пикиринде, социалдык кызматкерлерди жакшы айлык жана транспорт менен камсыздамайын, бул тармакка жакшы адистерди тартуу жана балдар укугун коргоону алдыга жылдыруу мүмкүн эмес.

“Эгерде биз баланын укугун коргоону күчөтөбүз десек, анда биринчи кезекте каржылоого көңүл бурушубуз шарт”, – деди ал.

Ошондой эле Назгүл Турдубекованын айтымында, 2025-жылы пилоттук негизде “Эне үйү” ресурстук борбору ачылган жана ал жакшы жыйынтыктарды берип, 40 эне колдоо тапкан. Бул жылы ири “Эне үйү” ресурстук борбору ачылды. Былтыркы борбор казакстандык ишкердин жардамы менен ачылса, быйылкыга кыргызстандык ишкер көмөк көрсөткөн. Турдубекова эгерде мамлекет менен коомчулук эне менен баланын укугун коргоо жаатында ушундай биргелешкен иштерди жүзөгө ашырууну улантса, көптөгөн социалдык көйгөйлөр чечилерине ишенерин белгиледи.