Түркия Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө койгон талапкерлигин колдойт
Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Республикасындагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү.
Эки өлкөнүн парламенттеринин Төрагалары жолугушканда көтөрүлгөн маселелер жана айтылган сунуш-пикирлер тууралуу журналисттерге кеңири маалымат беришти.
Айрыкча саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашканын белгилешкен Төрагалар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында кеңири сүйлөшкөнүн кошумчалашты.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү менен боордош элдердин алакасын чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп:
“Анын ичинен өлкө башчыларыбыз Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын тыгыз байланышы өнөктөштүгүбүздүн жаңы барагын ачып, өткөн жылы көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Ага ылайык, жетишилген макулдашууларды ыкчам ратификациялоо аркылуу эки өлкөнүн парламенттери кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошуубуз керек”, – деди.
Ошону менен катар соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүп, максат кылынган 5 млрд долларлык чекке жетүү боюнча да алгылыктуу иштерди алып баруу зарчылыгына токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу айрым артыкчылыктуу багыттар тууралуу да сөз кылды.
Мындан тышкары, кесиптеши менен парламенттер аралык алаканы депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тереңдетүү боюнча макулдашканын айткан Төрага парламенттик дипломатия бардык өнөктөштүктүн өзөгүн түзөрүн кошумчалады.
Муну менен катар быйыл өтө турган кезектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Түркиянын спортчуларын жана расмий өкүлдөрүн расмий чакыра кетти.
Ал эми Улуу Улуттук жыйындын Төрагасы Нуман Куртулмуш да Түркия боордош Кыргызстанды негизги өнөктөшү деп билерин баса белгилеп:
“Биз эки тараптуу кызматташтыкка артыкчылык берүү менен бирге Түрк мамлекеттер уюму жана ТүркПА өңдүү эл аралык аянчаларда да тыгыз иш алып барып келебиз. Бүгүн калыптанган алакаларды өнүктүрүү боюнча кеңешип, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмаштык”, – деди.
Ошондой эле Түркия Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө койгон талапкерлигин колдой тургандыгын билдирди.
