Чек ара кызматы КР УКМКнын курамынан чыгарылды. Президент жарлыкка кол койду
10 февраль

Чек ара кызматы КР УКМКнын курамынан чыгарылды. Президент жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

– алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;”;

– төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:

“– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.”.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4.  Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.