Жыл башынан бери 9,5 миңден ашык кыргызстандык Өзбекстанга дарылануу үчүн келген
2026-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга дарылануу максатында 35 миң 401 чет өлкөлүк жаран келген. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Медициналык туристтердин жарымынан көбү Тажикстандан келген – 19 миң 96 адам.
Кыргызстан экинчи орунду ээледи. Алты айдын ичинде Өзбекстанга дарылануу үчүн 9 миң 552 кыргызстандык барган.
Казакстандан 4 миң 582 адам, Афганистандан 1 миң 280, Россиядан 772 адам келген. Ал эми дагы 119 бейтап башка өлкөлөрдөн барган.
