Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август
Куткаруучулар бутун кокустатып алган жаранды «Комсомолец» чокусунан түшүрүштү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Эдельвейс» тоо куткаруу кошуунунун куткаруучулар «Комсомолец» чокусунан бутун кокустатып алган жаранды алып тушүштү.
ӨКМден кабарлашкандай, өз алдынча түшө албай калган жаран 112 кызматына кайрылып, жардам сураган. Жерине беш куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жабыркаган жаранга жеринде алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны тоодон түшүрүп беришти.
ӨКМ жарандарды тоого чыгууда коопсуздук эрежелерин так сактоого, аба ырайын алдын ала эске алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого чакырат.
