Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды
21 ноябрь

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Буга чейин такси кызматынын айдоочулары тарабынан ЖКККББдан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.

Жогорудагы кайрылууларды эске алып, бүгүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугуп, узакка созулган кезекти жоюу, кызматкерлерге айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.

Азенбек Козукеев узакка созулган кезекти эске алып, ишемби күндөрү да жумуш уланаарын жана түшкү тыныгуу убактысын кыскартууну белгилеп, лицензияны текшерүү жана рейддик иш-чараларды өткөрүү менен айып салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын билдирди.

Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме (Информационная система заказа такси) аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи.

Такси кызматына лицензияларды беруу өлкө аймагындагы ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүндө улантылат.