Юстиция министрлиги бүткүл өлкө боюнча 14 «Юстиция үйүн» курууда жана модернизациялоодо
14 май

Юстиция министрлиги бүткүл өлкө боюнча 14 «Юстиция үйүн» курууда жана модернизациялоодо

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өлкөнүн ар бир тургуну үчүн укуктук жардамды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу максатында ири программаны ишке ашырууда. Өлкө боюнча «Юстиция үйлөрү» курулуп, жаңыланууда.

Бул – жарандар каалаган укуктук маселелерин бир жерден, «бир терезе» принциби боюнча чече ала турган заманбап борборлор. Бир чатырдын алдында мамлекеттик нотариустар, юридикалык жардам кызматынын адвокаттары, пробация кызматкерлери иш алып барышат.

Программа бүткүл өлкө боюнча 14 объектти камтыйт – бул 11 миң чарчы метрден ашык жаңы жана толугу менен жаңыланган административдик аянттар болот. Долбоорлор «Капиталдык салымдар» беренесинин, Юстиция министрлигинин ички фонддорунун жана атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу каржыланууда.

Жаңы борборлор кайсы жерде жана качан ачылат:

Баткен облусу: Баткен шаарында үч кабаттуу «Юстиция үйү» өз эшигин ачып, 2025-жылдын 31-августунан бери жарандарды кабыл алууда.

Жалал-Абад облусу: Жумуш эки объект боюнча жүрүүдө. Манас шаарында төрт кабаттуу имарат 2026-жылдын 5-мартында пайдаланууга берилди. Токтогул районунда курулушту ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Талас облусу: Талас шаарында эки кабаттуу борбор 2026-жылдын 24-мартынан бери иштеп жатат. Кызыл-Адыр айылында учурда документтер даярдалууда, курулуштун өзү 2026–2027-жылдардын ичинде башталат.

Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында төрт кабаттуу имараттын курулушу аяктап жатат, ал ушул жылы ачылат. Чолпон-Ата шаарында долбоорлоо иштери жүрүүдө, курулушту 2026–2027-жылдары баштоо пландалган.

Нарын облусу: Бул жерде бир убакта үч жер жаңыланууда. Нарын шаарында жана Кочкор айылында борборлор 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде ачылат. Ак-Талаа районунда учурда долбоорлоо баскычы жүрүп жатат, курулуш иштери 2026–2027-жылдарга белгиленген.

Чүй облусу жана Бишкек ш.: Кара-Балта шаарында жаңы объект 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Борбордогу «Ынтымак» конушунда курулуш үчүн долбоор даярдалып жатат, ал 2026–2027-жылдары старт алат. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Валиханов көчөсүндө жайгашкан аянты 3,5 миң чарчы метрден ашкан ири имараттын капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Ош облусу: Ош шаарында жеке инвестор менен биргеликте (МЖӨ алкагында) заманбап ири комплекс курулууда. Аны 2026-жылы ишке киргизүү пландалып жатат.

Бул программаны ишке ашыруу эң маанилүү милдетти чечет: ал борбор менен региондордун ортосундагы укуктук чек араны жоёт. Кыргызстандын ар бир жараны, облус борборунда же алыскы айылда жашаганына карабастан, ыңгайлуу, заманбап жана тоскоолдуксуз шарттарда юристтердин квалификациялуу жардамын алууга укуктуу.