Чункурчак капчыгайында акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун ички иштер органдары текшерүү жүргүзүүдө
Милиция кызматкерлери тарабынан Instagram социалдык тармагына жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Чункурчак капчыгайында эс алуу үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан акча талап кылынууда деген даттануулар тууралуу жарыя аныкталды.
Аталган жарыяда мындай деп айтылган: «Эмне болуп жатат, кыргызстандыктар? Бүгүн студенттер Чункурчак капчыгайына 12 адам болуп автобус менен келишти. Алар пикник уюштурууну каалашкан, бирок жергиликтүү атчандар аларга орун бербей коюшкан. Аларга топчандарды 3000 сомго ижарага алгыла же бул жерден кеткиле, бул биздин жер деп айтышкан. Ошол эле учурда эч кандай шлагбаум же төлөм тууралуу белгилер жок. Аларга эч бир жерге отурууга уруксат берилген эмес. Бул кандай өзүм билемдик?»
Аталган факт каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖП кодексине ылайык чечим кабыл алынат.
