Алайда жаңы милициянын таяныч пункту ачылды
Алай районунун Бор-Дөбө айылында бүгүн, 21-ноябрда милициянын жаңы таяныч пункту ачылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ачылуу аземге Алай РИИБдин башчысы Чыңгыз Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жана айыл тургундары катышты.
Белгилей кетсек, аталган милициянын таяныч пункту Сары-Таш айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Тажикстандын Мургаб району менен чектеш Бор-Дөбө чек-ара өткөрмө пунктунун жанына курулган.
