Чүй облусунда мамлекеттик сатып алууларда алдамчылыкка шектелген курулуш компаниясынын директору кармалды
21 ноябрь

Чүй облусунда мамлекеттик сатып алууларда алдамчылыкка шектелген курулуш компаниясынын директору кармалды

2022-жылдын 15-декабрында ЖЧК «Восток Энерго Строй» курулуш компаниясынын директору И.А. Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен Ударник айылында суу агымдарын багыттоочу лотокторду куруу боюнча келишим түзгөн. Келишимдин суммасы 3 772 895 сомду түзгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жумуштар бүтө элек жана лотоктор пайдаланууга берилген эмес.

Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчысы тарабынан аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактылары жана башка мыйзам бузуулар аныкталды. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 819 580 сомду түздү.

Бул факт боюнча Кемин РИИБде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

2025-жылдын 20-ноябрында И.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.