Даун синдрому менен төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Алдыда – Бишкек
10 февраль

Даун синдрому менен төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Алдыда – Бишкек

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримовдун айтымында, Даун синдрому менен балдар көбүнчө Бишкек шаарында төрөлүүдө. 
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында белгилүү болду. 
Маткеримов белгилегендей, акыркы 3 жылда: 
•    Бишкек шаарында – 2022-жылы 42 бала, 2023-жылы 44 бала, 2024-жылы 56 бала;
•    Ош шаарында – 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 7 бала, 2024-жылы 14 бала;
•    Чүй облусунда – 2022-жылы 3 бала, 2023-жылы 22 бала, 2024-жылы 19 бала;
•    Талас облусунда – 2022-жылы 4 бала, 2023-жылы 8 бала, 2024-жылы 5 бала;
•    Нарын облусунда – 2022-жылы 5 бала, 2023-жылы 6 бала, 2024-жылы 5 бала;
•    Ош облусунда – 2022-жылы 25 бала, 2023-жылы 15 бала, 2024-жылы 23 бала;   
•    Жалал-Абад облусунда – 2022-жылы 22 бала, 2023-жылы 15 бала, 2024-жылы 21 бала; 
•    Баткен облусунда – 2022-жылы 8 бала, 2023- жылы 5 бала, 2024-жылы 9 бала;
•    Ысык-Көл облусунда – 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 10 бала, 2024-жылы 9 бала Даун синдрому менен төрөлгөн.  
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары дарттын бир топ так жана эрте белгилерин аныктоо үчүн ата-энелер бир нече көрсөткүчтөргө көңүл бурушу керектигин белгиледи. 
“Мисалы, баланын жашоосунун алгачкы айларында жарыкка карата реакциясын байкоо керек. Бул боюнча бардык маалыматтар поликлиникаларга таратылган, үй-бүлөлүк дарыгерлер ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат”, – деди Маткеримов.