Оштун мэри шаардагы эс алуу багынын тазалыгын караган 67 жаштагы апага үй берди
29 июль

Оштун мэри шаардагы эс алуу багынын тазалыгын караган 67 жаштагы апага үй берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев А. Навои эс алуу багында 20 жылга жакын убакыт жашаган энени үйлүү кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 67 жаштагы Ош шаарынын Гулбара Абдраева дээрлик аталган эс алуу багында тазалыгын карап, даараткана иштетип, майда барат нерселерди алып сатып жашап келген. Бул аралыкта көп кыйынчылык көргөн эне бир уул бир кызын жогорку билимдүү кылып тарбиялап, уулун үйлөп, кызын турмушка узаткан. Үйү жок болгондуктан парктагы убактылуу баш калкалоочу жайда күн кечирүүгө мажбур эле.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эс алуу багында жашаган Гулбара эне тууралуу кабардар болуп, шартын билип, жардам колун сунуп, үй алып берүүнү ниет кылган.

Ош калаа башчысы өз ниетин ишке ашырып, 67 жаштагы Гулбара энеге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Үйүнө барып даамга ооз тийип, эженин уул кыздары, неберелери менен баарлашып, жакшы ниеттерди, бата тилектерди арнап, куттуктап кайтты.