
Бишкекте Лев Толстой көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизменин негизинде жүргүздү.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, ЩМА (шагыл мастикалык асфальтбетон) төшөлдү.