Бишкекте пациент Улуттук госпиталдын дарыгерине кол салган
2025-жылдын, 16-июлунда Бишкек шаарынын ИИББнын “102” кызматына Улуттук госпиталда медицина кызматкери менен бейтаптын ортосунда жаңжал болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган маалымат Биринчи май РИИБи тарабынан катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Чакыруу болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда, чалуу тастыкталган жана бардык катышуучулар жеринде өздүгү такталган. Бул окуя боюнча эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз жазбоо чечимин кабыл алышкан. Чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин, катышуучулардын бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартышкан.
Мындан тышкары, жаңжал чыккан жерде чагылдырган видеодо милиция кызматкери катышкан эмес. Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн туура эмес, такталбаган маалымат таратпоону өтүнөбүз.
