Кыргызстанга Өзбекстандан ташылып келаткан 650 кг колбаса киргизилген жок
www
29 июнь

Кыргызстанга Өзбекстандан ташылып келаткан 650 кг колбаса киргизилген жок

Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 кг колбаса Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Жүктү текшерүү учурунда Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, продукциянын маркалоосу жок болуп, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Инспекторлор тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жүк «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Өзбекстанга кайтарылды.

Ветеринардык көзөмөл мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып өтүүчү жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкө аймагына ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарлардын кирүүсүнө жол бербөөгө багытталган.