Бишкек ШИИББ: жол кырсыктарынан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун «Бишкек» филиалы тарабынан жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 40 жаранга ОСАГО полиси боюнча жана 1 жаранга КАСКО полиси боюнча жалпы суммасы 4 миллион сомго жакын төлөнүп берилди. Төлөмдөр түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин негизинде жүргүзүлүп, жол кырсыктарынын натыйжасында келтирилген материалдык чыгымдарды жабууга багытталган.
Белгилей кетсек, камсыздандыруу күтүлбөгөн кырдаалдарда жарандардын чыгымдарын азайтууда жана каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жеке коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле камсыздандырууну өз убагында тариздөөгө чакырат.
