Манас шаарында юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
6 март

Манас шаарында юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Манас шаарында заманбап талаптарга жооп берген Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.

Жаңы үч кабаттуу имаратта мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана юридикалык жардам көрсөтүү кызматтары жайгаштырылган.

Мындан тышкары, энелер жана балдар бөлмөсү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу системалары жана архивдик шарттар каралып, жарандар менен кызматкерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы имарат жарандарга укуктук кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, ачык жана жеткиликтүү шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгилеп, кызматкерлерди куттуктады.