Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевсел жүргөн аймакка келди
Ысык-Көл районундагы сел катталган аймакты жеринен көзөмөлдөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 92-чакырымына келди.
Министр селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеринен көрүп, тез арада калыбына келтирүү иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.
Ошондой эле жарандардын коопсуздугу үчүн бардык жумуштарды сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгилеп, абалды жеке көзөмөлүнө алууда.
