ОСАГО: кыргызстандыктар 2025-жылы 333 млн сомдон ашуун төлөм алышкан
Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча төлөмдөрдүн расмий статистикасын жарыялады.
2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары 3 миң 814 камсыздандыруу окуясы боюнча жалпысынан 333,5 млн сом төлөп беришкен.
Төлөмдөрдүн негизги бөлүгү мүлктүк зыяндын ордун толтурууга туура келген:
- 3 миң 744 төлөм жүргүзүлүп, жалпы суммасы 326,9 млн сомду түзгөн;
- жеке жактарга – 3 миң 54 төлөм, 273,7 млн сом;
- юридикалык жактарга – 690 төлөм, 53,2 млн сом.
Мындан тышкары:
- өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыян боюнча – 59 төлөм, 2,7 млн сом;
- каза болгон учурларда – 13 төлөм, 3,9 млн сом төлөнгөн.
Ал эми 2026-жылдын алгачкы үч айында камсыздандыруу компаниялары жол кырсыгынан жабыркагандарга 1 миң 848 төлөм жүргүзүштү.
Анын ичинде:
- мүлктүк зыян боюнча – 1 миң 820 төлөм, 173,2 млн сом;
- жеке жактарга – 1 миң 522 төлөм, 146,6 млн сом;
- юридикалык жактарга – 298 төлөм, 26,6 млн сом;
- өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыян боюнча – 23 төлөм, 768 миң сом;
- каза болгон учурларда – 5 төлөм, 1,5 млн сом.
Камсыздандыруу тармагында белгилешкендей, ОСАГО жол кыймылынын катышуучуларын коргоонун туруктуу финансылык механизми катары акырындык менен бекемделүүдө.
Милдеттүү камсыздандыруу системасы жол кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыздап, жолдордогу талаш-тартыштарды азайтат жана кырсыкка күнөөлүү тарапты ири көлөмдөгү чыгымдарды өз алдынча төлөө милдетинен бошотот.
