Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто келди. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде Кыргыз-Венгер Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны, ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр өтөт.