Медер Абакиров Казакстан Республикасынын Элчиси Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды
22 июль

Медер Абакиров Казакстан Республикасынын Элчиси Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2026-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкайыр Скаковдун Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тышкы иштер министринин орун басары М.Абакиров А.Скаковду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.