Шайлоо – 2025. Аралыктан добуш берүү ыкмасы биринчи жолу колдонулат
21 ноябрь

Шайлоо – 2025. Аралыктан добуш берүү ыкмасы биринчи жолу колдонулат

30-ноябрда болчу парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы биринчи жолу колдонулат. 

БШКнын маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси Аскар Акимбиев белгилегендей, аралыктан добуш берүү шайлоого келген шайлоочулардын санын көбөйтөт. 

“Аралыктан добуш берүүгө боло турган кошумча 26 шайлоо тилкеси ачылууда. Ар кандай себептер менен добуш берүүгө бара албай калган жарандар болот, мисалы вахта ыкмасы менен иштегендер же катталган жеринен башка жакта жашагандар. Алар эми жетүүгө ыңгайлуу болгон шайлоо тилкесине келип, өз округу боюнча добуш бере алышат”, - деди ал. 

Айтымында, кошумча шайлоо тилкелери эл көп топтолгон аймактарда: базарларда, соода борборлорунда, абамайдандарда ачылат. Ошондой эле аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар да колдоно алышат.