Жүрөк оорулары эрте аныктала баштайт: Кыргызстанда “Саламат жүрөк” улуттук программасы ишке кирди
Кыргызстанда “Саламат жүрөк” улуттук программасы ишке кирди. Бул жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоо жана дарылоо максатын көздөйт.
Маалым болгондой, программанын алкагында, райондук ооруканалар заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалат дагы, облустук ооруканалардын деңгээлине жеткирилет. Ошентип, калктын бардык катмарына сапаттуу медициналык кызмат жеткиликтүү болот. Бул боюнча учурда аймактардан келген дарыгерлер Бишкектеги М.Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда окуудан өтүп жатышат.
Аталган борбордун илимий кызматкери Адилет Өмүралиева райондордогу ооруканаларга көп функционалдуу 17 УЗИ аппараты жөнөтүлгөнүн дагы, 16 аппаратты алуу пландалып жатканын белгиледи.
“Бул УЗИ аппараттары көп функцияны аткарышат. Аны менен жүрөктүн абалын гана эмес, кан тамыр, моюн жана ички органдарды да текшерүүгө болот. Гинекологиялык изилдөөлөрдү да жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азыр аймактардан келген дарыгерлерди жаңы ыкма боюнча окутуп жатабыз”, – деди ал.
Ал кошумчалагандай, заманбап жабдыктар жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоого жана илдеттин алдын алууга жардам берет.
