“Социалдык контракт” долбоорунун катышуучусу президентке айына 60 миңден ашуун киреше таап жатканын айтты
Көлмө жаңы конушунун тургуну президент Садыр Жапаровго Алтай шаарчасынын курулушуна капсула салуу аземинде кайрылды.
Аял “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучусу экенин белгилеп, учурда автоунааларды оңдоочу жай иштетип жатканын айтты.
“2-топтогу майыпмын. Долбоорго катышып, 100 миң сом алып жеке ишимди баштагам. Мурда 7 миң сомдой жөлөкпул алсам, азыр айына 60-70 миң таап жатам”, – деди ал.
Ошондой эле, мамлекет башчыдан өзүнүн автоунаа оңдоочу жайына барып кетүүсүн суранды.
Садыр Жапаров аялдын ишине ийгилик каалады жана кантип иштеп жатканын көрүп кетүүнү убадалады.
