Түп районунда 71,7 чакырым жолго асфальт басылат
www
29 июнь

Түп районунда 71,7 чакырым жолго асфальт басылат

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган.

Атап айтканда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары башталды.

Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.

Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Түп–Шаты–Ичке-суу–Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жол жасалат.

Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.

Жолдун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Иштер белгиленген графикке ылайык аткарылууда.