ИИМ чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктарды сак болууга чакырат
10 февраль

ИИМ чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктарды сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы мезгилде көп жарандар чет өлкөгө, айрыкча, Чех Республикасына ишке орноштурууну убада кылган шылуун адамдарга жана уюмдарга кабылып, алданып калган учурлар кескин көбөйдү. Аталган айрым адамдар жана уюмдар белгиленген талаптарды сактабастан иш жүргүзүп, кыргыз жарандарынын укуктарын бузган учурлар кездешүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.

Чет өлкөдө ишке орношууну көздөгөндө, жеке агенттиктер тууралуу социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды кылдат текшерип, шектүү жаранамаларга ишенбеңиз.

Маанилүү!

  • Компаниянын өкүлү менен сүйлөшүүдө төмөнкү маалыматтарды тактап алыңыз:
  • Агенттиктин расмий аталышы, лицензиясы жана жетекчиси тууралуу маалымат.
  • Сунушталып жаткан жумуш орундары, эмгек жана жашоо шарттары, кызматкердин укуктары жана милдеттери.
  • Кыйынчылык жаралса, укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо жолдору.
  • Чет өлкөдө ишке орноштуруучу жеке агенттиктердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн www.migrant.kg сайтынын «Кызматтар» бөлүмүн караңыз. Бул жерде уруксаты бар компаниялардын расмий тизмеси берилген.

ИИМ эскертет: Эгер эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар аныкталса, дароо укук коргоо органдарына билдирип, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышына жардам кылыңыз.