Баткен шаарында мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды
Баткен ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан 2026-жылдын 17-июнунда интернет булактарына жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө «Баткен-Сила Нурик» аттуу YouTube каналы аркылуу 2026-жылдын 16-июнунда Баткен районунун 33 жаштагы тургуну Х.Н. тарабынан жарандарды «Баткен-Сила» аталышындагы лотерея оюндарына катышууга чакырып, мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруп жатканы аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу максатында маалымат Баткен ШИИБдин автоматташтырылган маалыматтык системасынын электрондук журналына катталып, жаран Х.Н. Баткен ШИИБине жеткирилип, ага карата тиешелүү профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.
Буга байланыштуу Баткен ШИИБдин ЭММКАК кызматы жарандарга эскертет: «Баткен-Сила» аталышындагы лотереяны уюштуруучулар расмий түрдө лотерея оюндарын өткөрүүгө уруксат берүүчү лицензия алышкан эмес. Ошондуктан аталган оюндар мыйзамсыз болуп саналат.
