Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, алыс жолгон аттанган айдоочуларды этият болууга чакырды.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 11нен 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Алсак:
- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 97-98-чакырымдарында,
- Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 292-305 чакыфрымдарында (Долон ашуусу),
- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
