Жол эреже бузууларды жеринде текшерүү. ИИМ мыйзам долбоорун кайтарып алат
5 март

Жол эреже бузууларды жеринде текшерүү. ИИМ мыйзам долбоорун кайтарып алат

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет менен тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алууга тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырма коомчулукта айдоочулардан тест алууга карата айтылган сын-пикирлерден улам берилди.

“Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулук тарабынан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди”, - деди Алагөзов.