Жол эрежесин бузуу: Эми “Түндүккө” айыппул менен кошо сүрөт келет
Өткөн жумада “Түндүк” тиркемесинде жаңы кызматтар пайда болду.
“Түндүк” ААК башкармалыгынын төрагасы Талант Аманов билдиргендей, бул Кадастр тарабынан кыймылсыз мүлккө берилчү электрондук техпаспорт. Экинчиси – жол эрежесин бузгандагы айыппулдарды жөнөтүү кызматы жаңыртылды. Эми бир гана айыппулдун суммасы эмес, протколу жана эреже бузуу учурунда сүрөтү кошо келет.
“Учурда тиркеменин ичинде 90дон ашуун кызматтар бар. Андан сырткары портал да иштейт, тиркеме – ошол порталдын бир бөлүгү. Порталда 196 кызмат бар болчу, анын 40ы жарым автоматташтырылган эле. Бул жаран “Түндүк” аркылуу арызын калтырат, ал эми жообун алууга өзү барышы керек. Биз ал кызматтарды толук кандуу автоматташтырганга чейин деп азыр убактылуу өчүрдүк. Ошентип, учурда 156 кызмат иштеп жатат”, - деди Аманов.
Ошондой эле анын айтымында, ар бир жумада “Түндүккө” бир-эки жаңы кызмат кошулуп турат. Июнь, июль айларында дагы да кошумча кызматтар иштелип чыгат.
