Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95% аткарылды
21 ноябрь

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95% аткарылды

Ысык-Көл облусунда электр тармагын санариптештирүү иштери жигердүү жүрүүдө. Энергетика министрлиги бул багыттагы иштердин жүрүшүн тынымсыз көзөмөлдөп келет. Жыл башынан бери бул аймакта 44 121 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Иш чара энергетика тармагын модернизациялоо жана электр энергиясын бөлүштүрүү менен эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат.

“КУЭТ” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкүдөй натыйжаларга жетишти:

  • Жети-Өгүз РЭТ – 11895 даана
  • Балыкчы РЭТ – 6664даана
  • Ак-Суу РЭТ – 8710 даана
  • Чолпон-Ата РЭТ – 7509 даана
  • Тоң РЭТ – 6718 даана
  • Каракол РЭТ- 2625 даана.

Жалпысынан 2025-жылдын соңуна чейин 46400 акылдуу эсептегич орнотуу пландалып, учурда 95 пайызга аткарылды.

Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 137728 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Анын ичинен 99426 кардар акылдуу эсептегич колдонот.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу, аралыктан өчүрүү жана күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.