Сүрөт ачык булактардан алынды
18 сентябрь
Ош – Кара-Суу – Савай унаа жолунун курулушу декабрга чейин бүтөт
Ош – Кара-Суу – Савай автоунаа жолунун 6-чакырымдан 31-чакырымга чейинки участогунда курулуш иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.
Долбоордун жалпы баасы 2,5 миллиард сомду түзөт, ал республикалык бюджеттен каржыланууда.
Аткарылган иштер
- «Аэродром Дор-Строй» компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин алкагында:
- Кара-Суу-Ош автомобиль жолунун 2-чакырымынан 14-чакырымына чейинки аралыкта асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
- Нариман жана Тельман айылдарында суу түтүктөрүн (водопровод) куруу иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Учурдагы иштер
13-чакырымдан 15,5-чакырымга чейинки аралыкта жер иштери аяктап, жакынкы күндөрү асфальт төшөө иштери башталат. 2026-жылдын 9-сентябрынан тартып 15-чакырымдан 18,69-чакырымга чейинки аралыкта жер иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерин 2026-жылдын 1-декабрына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
