
Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына келди
Президент Садыр Жапаров 23-октябрда иш сапары менен Казань шаарына (Татарстан Республикасы) келди.
Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Раиси - Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.