УКМК: Көзөмөл-өткөрмө пунктундагы коррупциялык схемага тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды
Бүгүн, 24-сентябрында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө УКМК төрагасы К.Ташиев 2025-жылдын 20-январында күчүнө кирген «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынганына карабастан, айрым жетекчилер тарабынан кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн начардыгы, өз ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштеринин жоктугу, ошондой эле иштин аялуу жерлерине кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.
Андан соң УКМК төрагасы К.Ташиев бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш-аракетинин зонасында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тартылган контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын алдын ала биргелешкен макулдашуусу аркылуу уюштурулган жаңы туруктуу коррупциялык схема аныкталган.
Тактап айтканда, “Чалдовар-Автодорожный « көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө «ортомчулар» менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.
