Манас шаарында мамлекеттик тил эрежелерине жооп бербеген көрнөк-жарнактар алынды
Манас шаарынын аймагында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын жана тил эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борборунан кабарлашты.
Анын алкагында мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнамалар алынып, иретке келтирилди.
Ошондой эле ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
