Төрага Нурланбек Тургунбек уулу расмий сапар менен Түркияга барды
Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Түркияга расмий сапары башталат. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу аталган өлкөнүн Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий сапары менен барды.
