Алтын-Бешик менен Көлмө конушунда социалдык багыттагы жер менчикке берилген
24 сентябрь

Алтын-Бешик менен Көлмө конушунда социалдык багыттагы жер менчикке берилген

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында жерге байланышкан маселе көтөрдү. 

Айтымында, Бишкекте Алтын-Бешик жана Көлмө конуштарында социалдык багыттагы 1 гектардай жер жеке жактарга менчикке берилип кеткен. 

“2 жылдан бери жергиликтүү калк бул маселе боюнча бардык жактарга кайрылышыптыр. УКМКга да кат менен кайрылышканын айтып жатышат. Парламенттен да көтөрүлүптүр. Бирок майнап болгон эмес. Эми бизден бул маселени Камчыбек Ташиевге жеткирип бериңиздер деп суранып жатышат. Канча деген объектилер мамлекетке кайтарылууда, а 1 гектар жер аныкталбай турат, демек, мында бир кызыкчылык барбы деген ойго түртүп жатат деп да айтышты. Эл экиге бөлүнүп жатат, ажырым кылбай, ызы-чуу чыга электе карап берсеңиздер”, – деди депутат.