Калкка ДНК-анализин акы төлөп өткөрүү укугун УКМКга берген мыйзам долбоору кабыл алынды
24 сентябрь

Калкка ДНК-анализин акы төлөп өткөрүү укугун УКМКга берген мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-сентябрда “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. 

Мыйзам долбоорунда ДНК-анализин өткөрүү боюнча жарандарга акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн УКМКга укук берүү каралган. 

Баяндамачы Улан Примовдун айтымында, эми ДНК-тесттерди жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. 

Буга чейин УКМК төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев 2024-жылы УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринде адамдын ДНКсын анализдөө лабораториясы ачылганын, ал адамдын издеринин жана бөлүнүп чыккан заттарынын молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берээрин билдирген. Бул адамдын ДНК профилин түзүүгө, башкача айтканда, биологиялык тектештикти аныктоого жана окуя болгон жерлерден алынган биологиялык заттар аркылуу инсандын өздүгүн тактоого жардам берет. 

Бүгүнкү күндө ДНК-анализин жүргүзүү боюнча бул лаборатория Кыргызстанда жалгыз. 

Мыйзам долбоорун колдоп, 78 депутат добуш берди.