Шашкалактаган парламент бир жыл эрте кетти: депутат төрагага нааразы болду
Бүгүн Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралбай турган болду. Спикер Нурланбек Тургунбек уулу башка маселелер абдан көп болгондуктан, убакытты текке кетирбей, дароо эле мыйзам долбоорлорго өтүүнү белгиледи.
Депутат Бахридин Шабазов Караколдогу Промзонадагы ишкерлердин көйгөйүн айтып, алар элдин күнүмдүк керектөөдөгү буюмдарды чыгарышарын, абдан кымбат жабдыктарды алышканын билдирди.
“Бирок укук коргоо органдары барын бошоткула дептир. Өзүбүздүн ишкерлерди колдойлу да. Өнүктүрө турган жерлер толтура. Ал жер союз мезгилинен баштап Промзона болуп келатат”, – деди ал.
Бул убакта депутаттын убактысы бүткөнүнө байланыштуу микрофон өчүрүлдү. Спикер ага кошумча убакыт бөлүп берип, “маселени кыска, анан тез-тез айтуусун” талап кылды.
“Бул жерде мындай болуп жатат да, төрага, ар кандай маселени колго салып чечиш керек эле да. “Бул жакта төртөөбүз чечтик” дебей. Биз сүйлөйбүзбү же жокпу? Ансыз да ушинтип шашып жатып бир жыл эрте кетип жатабыз”, – деди депутат.
