Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер уланууда
10 февраль

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер уланууда

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө Бишкек–Күнтуу–Шопоков багытындагы 6,7 чакырымында жолду кеңейтүү жана бактарды кыюу иштери жүрүп жатат.

Аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Ал эми 2025-жылы жолдун 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу сыяктуу иштер каралган.

Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.