Байтиктеги лицейлердин биринин имаратында 72 жаштагы киши сабалган. Шектүү кармалды
Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-мартында Аламүдүн РИИБине Байтик айылынын 1954-жылы туулган А.Д., аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында 2026-жылдын 28-мартында болжол менен саат 20:00 чамасында Байтик айылында жайгашкан лицейлердин биринин имаратында анын таанышы Б.А. мас абалында аны себепсиз ур-токмокко алып, ден соолугуна залал келтирип, андан соң окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, арыз ээсине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, А.Д. ден соолугуна оор залал келтирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам чаралар көрүлүп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде 1984-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
