Кыргызстандын бирдиктүү QR-коду Казакстанда кызыгуу жаратууда
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
14 август

Кыргызстандын бирдиктүү QR-коду Казакстанда кызыгуу жаратууда

Кыргызстандын бирдиктүү QR-код системасы коңшу өлкөлөр үчүн үлгүлөрдүн бири болууда. Тактап айтканда, Кыргызстандагы бул тажрыйбаны Казакстанда изилдеп жатышат. Бул тууралуу түз эфирде «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков билдирди.

Анын айтымында, QR-коддун бирдиктүү улуттук стандарты Кыргызстанда Улуттук банк тарабынан 2019-жылы киргизилген. Анын негизги артыкчылыгы — бир банктын кардары башка банктын QR-коду аркылуу товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөй алат.

Башкача айтканда, төлөм жүргүзүүдө колдонуучуга өз банкынын QR-кодун издөөнүн же бир нече тиркемени орнотуунун зарылдыгы жок.

Туратбеков белгилегендей, Кыргызстандын бул тажрыйбасына өлкө сыртында да кызыгуу бар. Анын ичинде Казакстандын өкүлдөрү Кыргызстанда иштеп жаткан бирдиктүү QR мейкиндигинин моделин изилдеп жатышат.

Анын айтымында, мындай системанын өнүгүшү банктардын бирдиктүү төлөм мейкиндигинде иштөөсүнө шарт түзүп, калк жана бизнес үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылат.