Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы дары-дармек кампасы курулду
Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Мекеменин жетекчиси Орозбек Муратовдун демилгеси менен медикаменттерди сактоонун заманбап талаптарына жооп берген жаңы дары-дармек кампасы курулду.
Жаңы кампа дары-дармек каражаттарын тийиштүү шарттарда сактоого, температуралык режимди так сактоого, медикаменттердин эсебин жана логистикасын жакшыртууга, ошондой эле медициналык уюмдун иш натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
ЖДПБнын жетекчилигинин айтымында, заманбап кампа инфраструктурасын түзүү — калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.
