Депутат онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектердин аналогдорун берүүнү сунуштады
Аталган маселе боюнча Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат берди. Анын айтымында, мекеменин 2023-жыл үчүн такталган бюджети 30 млрд 85 млн сом түзүп, иш жүзүндө 29 млрд 550 млн сомго аткарылды.
Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева онкологиялык оорулар менен жабыркаган жарандарды дарылоого өзгөчө көңүл буруп, аларды дженериктер менен, тактап айтканда оригиналдуу дары-дармектердин арзан аналогдору менен камсыз кылууга чакырды.