Мавлянова жаштарды тарбиялоо үчүн мамлекеттик программа түзүүнү сунуштады
5 март

Мавлянова жаштарды тарбиялоо үчүн мамлекеттик программа түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова жаштарды тарбиялоо үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгууну жана ал үчүн тармактык комитеттин алдында жумушчу топ түзүүнү сунуштады. 

Ал белгилегендей, жумушчу топтун курамына Агартуу министрлигинин, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, күчтүү педагогдор, тарыхчылар, жаштарды тарбиялоо боюнча эксперттер, адистерди тартуу зарыл. 

“Акыркы учурда коомчулукту селт эттирген окуялар: аялдарды кордоо, атка сүйрөтүп өлтүрүү, кулак-мурдун кесүү, кызыл эт баласын көчөгө таштоо, атасы, агасынын секелек кыздарга ыдык көрсөтүүсү, ата-энелерин карылар үйүнө калтыруу ж.б. күн сайын күбө болгон көрүнүшкө айланды. Кыргызстанда дээрлик ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн ажырашып жатканы да коомго коңгуроо. Мындай терс көрүнүштөргө каршы жакшы мыйзамдар кабыл алынган, бирок жыйынтык бербей жатат”,  деди депутат. 

Ал мыйзам кабыл алуу менен эле коомду, жаштарды тарбиялоо мүмкүн эместигин, улуттук идеологияны калыптандыруу маанилүү экенин белгиледи. 

“Программа жыйынтыгын бир жылдан кийин эле бере салбайт. Беш жыл, он жыл күтүшүбүз мүмкүн, бирок андан кийин жаштарыбыздын таалим-тарбиясы оңолот. Эгерде биз тарбияга бүгүн көңүл бурбасак, эртең түрмөлөр толот. Азыр коом бири бирине болгон сый мамилени унуткан, ачуулуу, сабырсыз адамдарга толуп кетти. Эгерде улуулар жаштарды алкап, жакшы үлгү көрсөтсө, жаштар да ошол жол менен кетет”, – деди Мавлянова.