Баткен облусунун аймагында опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды
2026-жылдын 20-январь күнү Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын 20 жаштагы тургуну Баткен облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.
Арызында 2026-жылдын 7-январь күнү саат 22:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Ө. аттуу жаран жана анын үч шериктеши аны “Дэу-Ланос” үлгүсүндөгү автоунаага күч менен олтургузуп, шаардын эски автоунаа базары тарапка алып барып, бычак менен коркутуу жолу менен 50 000 сом акча каражатын опузалап талап кылышкандыгын билдирген. Ошондой эле, жабырлануучунун “iPhone 8” үлгүсүндөгү уюлдук телефону алынып, үчүнчү жак аркылуу 5 000 сом акча каражаты котортулуп алынган. Мындан тышкары, “WhatsApp” тиркемеси аркылуу коркутуп, уюлдук байланыш номерине дагы 5 000 сом салдырып алышкан жана калган акча каражаттарын опузалоо аракеттери улантылып жаткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 2026-жылдын 27-январь күнү коркутуп опузаланып жаткан 20 000 сом акча каражатын алып жаткан учурда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылында кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 6 жараны, тактап айтканда 20 жаштагы М.Ө.,22 жаштагы Г.Н., М.С.,С.Ж. жана 24 жаштагы А.Блар кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Ө., Г.Н. жана М.Стер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
