ЖКККББ
25 май
Кыргызстанда бир жумада 310 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 18нен 24-майга чейинки аралыкта 27 миң 109 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 495;
- Мас абалында унаа башкаруу - 310;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 250;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-2 112;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 240;
- Автоээнбаштык - 30;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 267;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 7 829;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 571 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
