Акаев МинКабдын реформасын “кыргызча эптемей” реформа деп атады
29 январь

Акаев МинКабдын реформасын “кыргызча эптемей” реформа деп атады

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында коомчулукта нааразычылык күчөп жатканын айтты. Ал белгилегендей, анын себептери – кымбатчылык жана айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер.

“Кымбатчылык, айдоочулук күбөлүк боюнча коомчулуктун аткаруу бийлигине суроолору абдан көбөйдү. Нааразычылык күч алды. Реформа деген мындай болбойт, биздики кыргызча эптемей реформа болуп жатат”, – деди ал.

Акаев Министрлер Кабинетине өнүккөн өлкөлөрдөгү реформа кантип жүзөгө ашырылганы тууралуу китеп белек кылууну убадалады.