Орто-Токой суу сактагычында ГЭСтин курулушу кызуу жүрүп жатат
Орто-Токой суу сактагычында «Чакан ГЭС» ААКна таандык жаңы ГЭСтин курулушу уланууда. Болочок станциянын орнотулган кубаттуулугу 21 МВт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 75 млн кВт/ч болот.
Долбоордун алкагында куруучулар үчүн убактылуу шаарча жана бетон заводу курулуп, бул иштердин ыраатын тездетүүгө шарт түздү. Учурда төмөнкү жумуштар аткарылууда:
Чыгаруучу каналдын тирөөч дубалын бетон менен куюу боюнча курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат.
Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери аяктады.
Туннелде бургулоо иштери жүрүүдө, 10-мартка карата 460 метр казылды.
Суу сактагычтын жогорку кыркасында жол салуу иштери аткарылууда.
Маалымат үчүн:
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 30-июлунда бекитилген.
2023-жылдын 24-мартында China National Machinery Industry Corporation (СНМС) менен «Чакан ГЭС» ААКу ГЭС куруу боюнча келишимге кол койгон.
Курулуш бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын биринчи жарымы.
